Базар-Коргондо алдыдагы жылдары 2 млрд сомго жакын жаңы долбоорлор ишке ашырылат

Бүгүн, 22-октябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында Базар-Коргон районуна барып, аймактын 2021–2026-жылдардагы өнүгүү көрсөткүчтөрү жана алдыдагы пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондо өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 854,9 миллион сомдон 2026-жылы 1 миллиард 827,8 миллион сомго жеткен.
2021–2026-жылдары аймакта 56 объект курулуп, пайдаланууга берилген:
- 12 мектеп жана төрт кошумча корпус;
- 9 бала бакча;
- 7 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП);
- 7 кичи футбол талаасы жана төрт спорт зал;
- таза суу менен камсыз кылуучу беш объект;
- 1 административдик жана башка беш социалдык объект бар.
Учурда райондо дагы беш мектеп, беш бала бакча, үч ФАП жана социалдык шаарча салынууда.
Жыйын учурунда Садыр Жапаровго келечекте аймакта ишке аша турган долбоорлор тууралуу маалымат берилди. Алардын жалпы баасы 1 млрд 959 млн сомду түзөт. Анын катарында төмөнкүдөй долбоорлор бар:
- 598,8 млн сомго бааланган саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу;
- 984 млн сомдук Базар-Коргон — Арстанбап (23 чакырым) жана Базар-Коргон — Сайдикум (18 чакырым) жолдорунун курулушу;
- 131 млн сомго 10 электробус жана сегиз атайын техника сатып алуу;
- Базар-Коргон шаарынын инфраструктурасын оңдоого, анын ичинде 7 миң чарчы метр жерге асфальт төшөөгө, унаа токтотуучу жана кубаттоочу жайларды курууга 125 млн сом бөлүү;
- М. Бердибеков атындагы Маданият үйүн капиталдык оңдоо.
Ошондой эле жолугушууда жергиликтүү калкты турак жай жана таза суу менен камсыз кылуу маселелери каралган.