Дарылануу, дары-дармек жана пара: Минздрав бейтаптардын укугун түшүндүрдү

Кыргызстанда кайсы медициналык кызматтар жана дары-дармектер акысыз көрсөтүлүшү керектиги, мыйзамдуу төлөмдү мыйзамсыз акча талап кылуудан кантип айырмалоо жана ооруканалардагы акча талап кылууларга кайда даттануу керектиги түшүндүрүлдү. КР Саламаттык сактоо министрлиги коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча атайын методикалык колдонмо даярдады.
Документте медициналык жардам алууда бейтаптардын укуктары, дарылануу акысын төлөө эрежелери жана медицина кызматкерлеринин аракеттерине даттануу тартиби кеңири баяндалган.
Кайсы медициналык жардам акысыз болушу керек?
Саламаттык сактоо министрлигинин түшүндүрмөсүнө ылайык, өмүргө коркунуч туудурган абал четтетилгенге чейин жарандарга Мамлекеттик кепилдиктер программасынын (МКП) алкагында тез жана кечиктирилгис медициналык жардам, анын ичинде керектүү дары-дармектер менен медициналык буюмдар акысыз берилет.
Камсыздандырылган жарандар ошондой эле программанын алкагында акысыз же жеңилдетилген медициналык жардам алууга укуктуу.
Атап айтканда, төмөнкүлөр акысыз берилиши керек:
- өмүргө зарыл негизги дары-дармектердин тизмесине кирген дарылар;
- тез жана кечиктирилгис жардам көрсөтүүдө талап кылынуучу чыгымдалуучу материалдар;
- Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна (ҮДБ) каттоосу жана жолдомосу бар болсо, МКП алкагындагы базалык медициналык кызматтар.
Эгерде дарыгер дары-дармекти өз алдынча сатып келүүнү талап кылса, бейтапка бул каражат оорукана акысыз камсыздай турган тизмеге киреби жана ал дары кампасында барбы-жокпу тактап алуу сунушталат.
Акча талап кылуу кайсы учурда шек жаратышы керек?
Саламаттык сактоо министрлиги ар бир эле акы төлөнүүчү медициналык кызмат мыйзам бузуу болуп эсептелбей турганын эскертет. Бирок бейтап дарыланууга эмне үчүн төлөшү керек экенин, кызмат канча турарын жана ал МКПда каралган-каралбаганын билүүгө укуктуу.
Төмөнкү учурларда медицина кызматкеринин аракети коррупциянын мүмкүн болгон белгилери болуп эсептелиши мүмкүн:
- акысыз кызмат үчүн акча талап кылса;
- ооруканага жаткырууну, текшерүүнү же документтерди берүүнү сый акы үчүн тездетүүнү сунуштаса;
- себебин түшүндүрбөстөн дарыларды же чыгымдалуучу материалдарды сатып алууну өтүнсө;
- акчаны кассага төлөтпөй, жеке өзүнө берүүнү талап кылса;
- чек же квитанция берүүдөн баш тартса;
- дарылоонун сапатын же жардам көрсөтүүнүн кезегин расмий эмес төлөмгө көз каранды кылса;
- жеке кызыкчылыгын көздөп, бейтапты белгилүү бир дарыканага, лабораторияга же жеке клиникага жөнөтсө.
Министрлик эң оболу расмий төлөм каралган-каралбаганын тактоону сунуштайт. Эгерде кызмат акы төлөнүүчү болсо, медициналык мекемеде бекитилген прейскурант (баалар тизмеси) болушу керек, ал эми бейтапка төлөмдү тастыктаган документ берилүүгө тийиш.
Эгерде дарыгер акча талап кылса, эмне кылуу керек?
Биринчи кезекте, төлөм кайсы негизде талап кылынып жатканын сурап, медициналык кызматтардын расмий прейскурантын көрсөтүүнү талап кылуу керек.
Эгерде төлөм каралган болсо, акчаны чек же квитанция алуу менен касса аркылуу гана төлөө зарыл.
Күмөн саноолор пайда болсо, бейтап бөлүм башчысына же оорукананын жетекчилигине (администрациясына) кайрыла алат. Эгер маселе чечилбесе, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) 113 ишеним телефонуна чалуу зарыл.
Эгер кеп мүмкүн болгон пара тууралуу болуп жатса, окуянын күнүн жана убактысын, оорукананын аталышын, кызматкердин аты-жөнүн жана кызматын, талап кылынган сумманы жазып алуу, ошондой эле бардык документтер менен билдирүүлөрдү сактоо сунушталат.
Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги жарандарга параны өз алдынча жазып алууга (фиксациялоого) же медкызматкер менен чыр-чатак чыгарууга аракет кылбоону эскертет.
Ооруканага жатууну акча берип тездетүүгө болобу?
Колдонмонун өзүнчө бөлүмү пландуу түрдө ооруканага жаткыруу кезегине арналган.
Министрлик түшүндүргөндөй, кезек медициналык көрсөтмөлөрдү, кайрылган датаны жана дарыгердин жолдомосун эске алуу менен түзүлүшү керек. Кезек тууралуу маалымат медициналык мекемеде жазуу түрүндө же электрондук форматта жүргүзүлөт.
Эгерде бейтапка тезирээк ооруканага жатуу үчүн акча төлөөнү сунушташса, ага кезек боюнча расмий тастыктоону талап кылуу, оорукана жетекчилигине кайрылуу жана бул тууралуу ММКФга билдирүү сунушталат.
Ошол эле учурда шашылыш медициналык жардам документтерди алдын ала көрсөтүүсүз эле берилиши шарт. Өздүктү тастыктаган документтер өмүргө кооптуу абал четтетилгенден кийин гана талап кылынат.
Ооруканалардагы мыйзамсыз акча талап кылууларга кайда даттануу керек?
Кырдаалга жараша бейтаптар бир нече мекемеге кайрыла алышат:
- ММКФ — 113. Медициналык кызматтар, дары-дармектер жана чыгымдалуучу материалдар үчүн негизсиз төлөм маселелери боюнча күнү-түнү иштеген акысыз түз байланыш линиясы. Даттанууну ошондой эле www.foms.kg сайты аркылуу же кат жүзүндө төмөнкү дарекке жөнөтүүгө болот: Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 122.
- КР Саламаттык сактоо министрлиги — 0312 62-10-23. Бул номерге системалуу мыйзам бузуулар же оорукана администрациясынын аракетсиздиги байкалганда кайрылууга болот. Арыздар коомдук кабылдама жана www.med.kg сайты аркылуу да кабыл алынат.
- Прокуратура. Коррупциялык кылмыштын белгилери болсо, кат жүзүндө же электрондук түрдө, анын ичинде «Түндүк» тиркемеси аркылуу кайрылуу тапшырса болот.
- ИИМ — 102. Пара талап кылынган учурда милицияга, анын ичинде «Түндүк» тиркемесиндеги сервис аркылуу кайрылууга болот.
Даттанууда өзүңүздүн байланыш маалыматыңызды, медициналык мекеменин атын, болгон окуянын чоо-жайын, талап кылынган сумманы жана эгер белгилүү болсо, кызматкер жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү зарыл. Мүмкүнчүлүккө жараша чектердин, келишимдердин көчүрмөлөрүн, сүрөттөрдү жана аудиожазууларды тиркөөгө болот.
Колдонмого ылайык, жарандардын кайрылуулары катталган күндөн тартып адатта 14 жумушчу күндүн ичинде каралат. Кошумча текшерүү талап кылынса, арыз ээсине билдирүү менен бул мөөнөт 30 күнгө чейин узартылышы мүмкүн. Коррупция боюнча кайрылуулар коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайык каралат.
Даттануунун каралышына көз салып туруу үчүн бейтаптарга анын каттоо номерин сактап калуу сунушталат. Эгерде белгиленген мөөнөттө жооп келбесе, кайра кайрылуу жөнөтүүгө же жогорку турган органга кайрылууга болот.
Коррупция үчүн кандай жоопкерчилик каралган?
Саламаттык сактоо министрлиги коррупциялык кылмыштар үчүн кылмыштын курамына жана оордугуна жараша — айып пулдан тарта эркиндигинен ажыратууга чейинки кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертет.
Мындан тышкары, эреже бузгандарга тартиптик жазалар, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салуу чаралары колдонулушу мүмкүн.
Жарандар мындай жагдайлар боюнча медициналык мекеменин жетекчилигине же ММКФга да кабарлоого укуктуу.