Ош облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталууда

Ош облустук башкармалыгы зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайларын аныктоо үчүн күзгү көзөмөлдөө иштерин жүргүзүүдө. Текшерүүлөр Ош облусунун райондорунда Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин 2026-жылдын 7-октябрындагы № 151 буйругуна ылайык, атайын план жана иш сапарларынын графиги боюнча жүргүзүлүп жатат.
Адистер кыштоого кеткен чегирткелердин жумуртка капсулалары жайгашкан жерлерди, алардын санын, жыштыгын жана таралуу аянтын аныкташууда. Алынган маалыматтар белгиленген тартипте катталат.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2027-жылы зыяндуу чегирткелердин таралышы жана күтүлүп жаткан саны тууралуу божомол түзүлөт. Бул маалыматтар зыянкечтерге каршы күрөшүү иштерин пландаштырууга жана химиялык иштетүүлөрдү жүргүзүүгө негиз болот. Мындай чаралар айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана мүмкүн болуучу зыяндын алдын алуу үчүн зарыл.