Маршруткада жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салгандар кармалды (видео)

Маршруткада жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салгандар кармалды (видео)

Бишкекте эл ташыган кичи автобуста жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салган окуя боюнча эки шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин социалдык тармактарга окуянын видеосу тараган. Күбөлөр билдиргендей, белгисиз бала жүргүнчүнүн телефонун уурдоого аракет кылып жатканда кармалып калган. Жүргүнчүлөр аны милицияга өткөрүп берели деген. Бирок анын шериги келип, ызы-чуу чыгарып, бирөөсү кишилерге отвертка менен кол салган. Андан кийин алар качып кеткен.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясында каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери шектүү катары 29 жаштагы К.Ж. жана 18 жаштагы А.Р. аттуу жарандарды кармады.

Шектүүлөр мурда бир нече жолу соттолушкан.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>