Караколдо окуучуну күчтөп унаага салууга аракет кылгандар табылды (видео)

Караколдо окуучуну күчтөп унаага салууга аракет кылгандар табылды (видео)

Ысык-Көл облустук милициясы белгисиз адамдар мектеп окуучусун күчтөп «Мерседес» унаасына отургузууга аракет кылган окуя боюнча үн катты. Буга чейин окуянын видеосу соцтармактарга тарап, резонанс жараткан. Окуя Караколдо болгону айтылган.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, аталган окуя боюнча милицияга эч ким кайрылган эмес. Бирок аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Милиция «Мерседес» унаасындагы адамдарды аныктаган. Алар Караколдогу №11 мектепте 10-класста окуган 16 жаштагы К.У., Э.Н., Ж.Б. жана А.И. аттуу балдар болуп чыккан. Алар мыйзамдуу өкүлдөрү менен милицияга жеткирилген. Ошондой эле алар унаага салууга аракет кылган бала шаардагы №2 мектептин 3-классынын окуучусу экени аныкталган. Ал да мыйзамдуу өкүлдөрү менен милицияга алып келинген.

10-класстын окуучуларынын айтымында, алар 27-февралда балдардын биринин атасынын «Мерседес» унаасы менен шаар кыдырып жүрүшкөн. Рулда Ж.Б. аттуу окуучу отурган. Ал жол жээгинде ойноп жаткан балдарды көрүп, алардын жанына токтогон. Унаада отурган чоң класстын окуучулары балдар жол жээгинде ойнобосун деп тамаша иретинде бирөөсүн унаага отургузууга аракет кылган.

Милиция билдиргендей, учурда аталган окуянын бардык чоо-жайын тактоо үчүн иштер жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>