Кыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жататКыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталат
Мас болуп унаа башкарган Оштун вице-мэрине 17 500 сом айыппул салынды
30.08.2019 | 10:20
Мас абалында автоунаа башкарган Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго 17 500 сом айыппул салынды. Маалыматты “Репортерге” шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тастыктады.
Буга чейин интернетке “Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов” деген аталыш менен анын мас абалында унаа башкарып баратып, жол коопсуздук кызматкерлерине кармалган видеосу жарыялаган. Тасмада ал ичип алганын моюнга алып, милиция кызматкерлеринен кетип калууну суранып жатаканын жана алар менен кер мур айтышып жатканын көрүүгө болот.
Кийин шаар башкармалыгынын басма сөз кызматы вице-мэр жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүн айтып, Азимовдун үстүнөн кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом