КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Сокулукта 20 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
17.06.2026 | 12:07

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сокулук айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондуна таандык 20 гектар жер тилкесин аныктады.
Иликтөөнүн жүрүшүндө бул жер 1992-жылдан бери мамлекеттик каттоо органдарынын маалымат базасында жок экени жана белгисиз адамдар тарабынан пайдаланылып келгени такталган. Ошондой эле аталган тилке үчүн ижара акысы төлөнгөн эмес.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 20 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Сокулук