БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Мээрим Жуманазарова Орусиянын спортчусун жеңди
04.12.2021 | 08:34
Кыргызстандын балбан кызы Мээрим Жуманазарова “Москва гран-приси – Алроса Кубогу” мелдешинде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мээрим Жуманазарова орусиялык балбан кыз Ханум Велиева менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңишти камсыздады. Башка мелдештерден айырмаланып бул турнирде спортчулар бир гана жолу беттеш өткөрөт жана жеңишке жеткени “Москва гран-приси – Алроса Кубогу” мелдешинин чемпиону болот.
Валиева өзү дуэль өткөрүүнү сунуштаган.
Спортчулар буга чейин Ослодо өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалында беттешкен. Анда Мээрим Жуманазарова Валиеваны жеңген, бирок Орусиянын Күрөш федерациясы эсеп туура эмес болуп калганын айтып, Жуманазарованын жеңишин жокко чыгарууга аракет кылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт