Кыргызстанга коруктарга жана жаратылыш парктарга заманбап өткөрүү пункттары курулат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы менен өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында өткөрүү пункттарын куруу жана модернизациялоо боюнча келишимге кол койду.
Министрликтин маалыматында, келишимдин алкагында Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунда жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркында заманбап өткөрүү пункттары салынат. Мындан тышкары, дагы 16 мамлекеттик жаратылыш паркында жана коруктарында автоматташтырылган өткөрүү системалары орнотулат. Долбоордун жалпы баасы 80 миллион сомго жакын.
Бул демилге жаратылыш аймактарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана конокторду каттоо системасын санариптештирүүгө багытталган. Мекеме заманбап технологияларды киргизүү каржылык түшүүлөрдүн ачыктыгын камсыздап, адам факторун азайтууга жана коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга шарт түзөрн билдирди.