IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүүдө

08.06.2026 | 10:54

Борбор калаада IV Бишкек эл аралык кинофестивалы өтүүдө. Анын ачылышы кечээ, 7-июнда өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышты.

Ачылыш аземинде «Асман килем» аркылуу белгилүү актёрлор, режиссёрлор, продюсерлер жана калыстар тобунун мүчөлөрү өтүштү. Фестивалга конок катары «Амели» тасмасында роль жараткан белгилүү француз актрисасы Одри Тоту келди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти Догдурбек Кыдыралиев кадырлуу конок болду.

Фестивалдын бул жылкы программасына Эл аралык сынак, Борбор Азия сынагы жана улуттук «Kyrgyz Box» бөлүмдөрү кирген. Иш-чаранын алкагында дүйнөлүк, эл аралык жана улуттук премьералар, кино ишмерлери менен жолугушуулар, мастер-класстар жана индустриялык иш-чаралар өткөрүлөт.

Кинофестиваль 12-июнга чейин уланат. Программада режиссёрлор менен сценаристтер үчүн практикалык тажрыйба алмашуу багыттары каралган.

Scroll to Top