Чүйдө жашыруун баңгизат лабораториясы табылып, төрт киши кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Чүй облусунда баңгизаттарды өндүрүүчү лабораторияны аныктады. Баңгизат жасоого жана аны сатууга шектелип төрт адам, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөөнүн алкагында 24 жаштагы А.М.Т. баңгизаттарды жашыруун кыстырма коюу менен таркатып жүргөнү, ал эми 25 жаштагы К.У.И. баңгизаттарды андан ары сатуу максатында даярдоо менен алектенгени аныкталып, кармалышкан.
Андан ары иликтөөнүн натыйжасында Чүйдүн Аламүдүн районундагы айылдардын биринде үйдү ижарага алып, синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү лаборатория уюштурган чет өлкөлүк жарандар: 35 жаштагы И.К.К. жана 34 жаштагы М.В.Ч. колго түшүрүлгөн.
Үйдү тинтүү учурунда баңгизаттарды өндүрүүгө арналган жабдуулар, сарпталуучу материалдар жана атайын кийимдер табылган. Ошондой эле 1 кг 400 г мефедрон, 3 кг 50 г гашиш (чарс) жана 2 г каннабис майы табылып алынган.
ИИМдин маалыматында, кармалган жарандар 2025-жылдын ноябрь айынан бери «К» интернет-дүкөнү аркылуу баңгизат каражаттарын сатып келишкени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.