Мектеп директорлорун тандоо: Беш облуста жеңүүчүлөр аныкталды

Мектеп директорлорун тандоо: Беш облуста жеңүүчүлөр аныкталды

Кыргызстандын беш облусунда мектеп директорлорун тандоо сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сынак Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында өттү.

Баткен облусу боюнча тестирлөөгө 34 талапкер катышып, анын ичинен 5 адам (60%) босого балл же андан жогору алды. Жыйынтыгында 4 талапкер жеңүүчү деп табылды.

Жалал-Абад облусу боюнча тестирлөөгө 58 талапкер катышты. Анын ичинен 14 адам босого баллдан өтүп, жеңүүчү аталды.

Талас облусу боюнча жалпы тестирлөөгө 6 талапкер катышып, 3 адам босого пайыздык чектен өттү. Жыйынтыгында 1 талапкер жеңүүчү болду.

Нарын облусу боюнча тестирлөөгө 16 талапкер катышып, 13 адам 60% босого баллдан өттү. Андан 6 адам жеңүүчү аталды.

Ысык-Көл облусу боюнча тестирлөөгө 14 талапкер катышып, 5 адам босого балл же андан жогору упай алды. Жыйынтыгында 4 адам жеңүүчү аталды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абадда – 67, Баткенде – 27, Ысык-Көл облусунда – 8, Нарын облусунда – 7, Талас облусунда – 4 ваканттык орун бар болчу.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>