Агартуу министрлиги: мамлекеттик мектептердин окуу китептерин саткандарга чара көрүлөт

«Окуу китеби» мамлекеттик басма үйү тарабынан даярдалган окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстери эркин сатууга чыгарылбайт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, учурда базарларда, дүкөндөрдө жана интернет булактарында мамлекеттик мектептерге арналган китептерди сатуу фактылары катталууда. Буга байланыштуу министрлик мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине расмий кайрылууларды жөнөткөн.
Ошондой эле министрлик жеке жана юридикалык жактарды окуу китептерин сатуудан, таратуудан жана ортомчулук кылуудан баш тартууга чакырды. Мыйзам талаптарын бузган жактарга карата чаралар көрүлөт.
Ал эми жеке менчик мектептер окуу китептерин «Учкун» ААКсы менен келишим түзүү аркылуу гана сатып ала алышат.