Ош — Кара-Суу унаа жолу төрт тилкелүү болуп кеңейтилүүдөБишкекте жылытуу сезону 28-октябрда башталатЭлчиликтен БУУнун Коопсуздук Кеңешине чейин: Кыргыз дипломатиясынын жолуЧүйдөгү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери улануудаКыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөт
Кимдер жок? Оштун мэри студенттердин сабакка катышуусун текшерди
04.09.2025 | 11:40

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн Ош технологиялык университетине барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү жана түзүлгөн шарттары менен жеринен таанышты.
Шаар башчысы студенттердин сабакка катышуусун да текшерип, журналдан айрым студенттердин сабакка келбегенин көрүп, “Эмнеге 6 студент жок?” деп суроо салды.
Мындан тышкары, мэр студенттер менен бирге лекцияларга отуруп, билим берүү процессине катышты.