Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Урмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды
25.08.2026 | 16:46

Бүгүн, 25-августта, Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) Аткаруу комитетинин жыйынында Урмат Абдукаимовду улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кылып дайындоо чечими кабыл алынды. Ал бул кызматка Роберт Просинечкинин ордуна келди.
КФБнын маалыматында, жаңы машыктыруучуга команданы 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна даярдоо милдети жүктөлдү.
Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын «A» категориясындагы лицензиясына ээ. Буга чейин ал Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасынын жана Жогорку Лиганын «Талант» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп иштеген. Ошондой эле машыктыруучуларды даярдоо курстарында инструктор катары иш алып барган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Кыргыз футбол биримдиги, футбол