Видео: Оюн салган айдоочунун айынан кишилер каза болгон. Кырсык Кыргызстанда болгон эмес

Видео: Оюн салган айдоочунун айынан кишилер каза болгон. Кырсык Кыргызстанда болгон эмес

Айдоочу унаасы менен дрифт кылып жатып, унаа оодарылып кетип адам өлүмүнө алып келген кырсык Кыргызстанда болгон эмес. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга айдоочу дрифт кылып жатканы тартылган видео тараган. Видеодон көрүнгөндөй, жүргүнчүлөр унаанын айнегинен боюн чыгарып, айдоочу оюн салып жатканда, унаа оодарылып кеткен. Бул кырсыктан 2 адам көз жумганы, окуя Кызыл-Кыяда болгону айтылган.

Бирок жол милициясы аталган маалыматты төгүндөп, окуя Баткенде да, Кыргызстанда да болбогонун билдирди. Ошондой эле акыркы күндөрү өлкөдө адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар болбогонун белгилешти.

“Адам өлүмү менен коштолгон автобейбаштык фактысы Баткен, Кыргызстан боюнча катталган эмес. Акыркы күндөрү адам өлүмү менен коштолгон автобейбаштык боюнча жол кырсык болгон эмес. Бул коңшу же башка мамлекеттерде болушу мүмкүн”, — деп билдиришти жол милициясынан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>