1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келет
Миграция министрлиги: Орусияда мончодо кармалган жарандардын төртөө өлкөдөн чыгарылат
14.04.2025 | 12:30
Орусияда мончодо кармалган кыргызстандык 24 жарандын 20сы бошотулган. Ал эми 4 жаранга Орусиянын аймагынан чыгаруу боюнча чечим чыккан. Бул тууралуу Кыргызстандын Миграция министрлиги кабарлады.
Министрлик Москвадагы өкүлчүлүгү элчилик менен биргеликте бул кырдаал боюнча Орусиянын Түндүк административдик аймагынын ички иштер башкармалыгына кайрылышканын билдирди.
Эске салсак, 11-апрелде Москвадагы «Бодрост» мончосунда мигранттарга каршы тинтүү болгон. Ал жактагы ондогон мигранттардын көбү кыргызстандыктар болгон. Социалдык тармактарда тараган видеолордо укук коргоо органдарынын адамдары эркектерди сабап, бетин жерге тийгизип, жерге тизелеп басууга мажбурлап жатканын көрүүгө болот. Видео кыргыз сегментинде коомдук резонанс жаратты.