Милиционерлер балдар үйүнө жардам көрсөтүштү

Милиционерлер балдар үйүнө жардам көрсөтүштү

Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери жардамга муктаж балдарга кайрымдуулук көрсөтүштү. Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чүй облусунун Беловодский районунда жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышты.

«Бул мекеменин тарбиялануучуларына белектерди жана зарыл болгон боюмдарды жеткиришип, балдарды жана мекеменин жалпы жааматын келе жаткан Жаңы жылы менен жылуу куттукташып, ар бир балага ден-соолук тилеп, мугалимдерине ыраазычылык билдиришти», — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине 63 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

Бүгүнкү күнү аталган мекемеде майыптыгы бар 209 бала тарбияланат. Өз кезегинде интернаттын жетекчилиги ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана өздүк курамына терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>