Аялдар кабылган зордук-зомбулуктун беш түрү. Алар кайсылар?

Аялдар кабылган зордук-зомбулуктун беш түрү. Алар кайсылар?

Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Динара Ашимова “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо” чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат негиздемеде айтылгандай, бул мыйзам долбоору сексуалдык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга комплекстүү жардам берүү, зомбулук көрсөткөн адамдардын жазасыз калуусун болтурбоо максатында иштелип чыкты.

«Ал кылмыштуу кол салуудан жабыр тарткандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, жабырлануучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоого, ошондой эле сексуалдык, үй-бүлөлүк зомбулук жаатындагы кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү алып барган кызмат адамдарынын иш натыйжаларын жогорулатууга багытталган», — деп айтылат маалымкат негиздемеде.

Reporter.kg зомбулуктун түрлөрү тууралуу айтып берет. Алар психологиялык, физикалык, сексуалдык, экономикалык жана санариптик зомбулук болуп бөлүнөт. Зордук-зомбулуктун ар бир түрүнүн өзүнүн өзгөчө белгилери бар.

— Психологиялык зомбулук

Психологиялык зомбулукка системдүү түрдө басынтуу-кордоо же манипуляциялоо, сөз, мимика аркылуу ызалантуу, таарынтуу, артынан түшүү, көзөмөлдөө, коркутуп-үркүтүү, негизсиз эле сындоо, сезимдерди, ойлорду, каалоо-ниеттерди тоотпоо, опузалоо кирет.

Психологиялык зордук-зомбулукту аныктоо кыйын, анткени ал эч кандай заттык далилдерди келтирбеген кыянаттык менен колдонууну камтыйт. Бул кимдир бирөө көзөмөлдү алуу үчүн жеке адамга карата коркутуу жана коркуу сезимдерин колдонгондо болот. Психологиялык зомбулук эмоционалдык же оозеки кордоонун элементи катары киргизилиши мүмкүн. Зомбулуктун бул түрүнө — шылдыңдоо, сындоо, кыйкыруу же мамиледеги бардык көйгөйлөр үчүн өнөктөшүн күнөөлөө кирет.

— Физикалык зомбулук

Физикалык зордук-зомбулукка уруп-согуу же түртүү, үйдөн чыгарбоо же үйгө киргизбөө, өлтүрөм деп коркутуу, ден соолукка, коопсуздукка же өмүргө коркунуч туудурган кырдаалдарды атайылап түзүү, алкоголь ичүү же баңгизаттарды пайдаланууга мажбурлоо, эс алууга же уктоого жолтоо кылуу, күч колдонуу, коркутуу, алдоо аркылуу өлкө ичинде жүрүүгө же чет өлкөгө чыгууга мажбурлоо.

Физикалык зомбулук зордук-зомбулук көрсөткөн адам жабырлануучунун аракеттерин көзөмөлдөө үчүн колдонгондо болот. Адатта, жабырлануучунун денесинде көгөргөн же кесилген издер болот. Зордук-зомбулук көрсөткөн адам жабырлануучуну үйүнө камап, тамак-аштан, дары-дармектен же уйкудан ажыратышы мүмкүн.

Узак мөөнөттөгү зомбулук физикалык жана психикалык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн, мисалы, депрессия, жүрөк оорулары, травмадан кийинки стресс, тынчсыздануу оорулары менен коштолушу мүмкүн.

— Сексуалдык зомбулук

Сексуалдык зордук-зомбулукка зордуктоо, дененин интимдик бөлүктөрүнө эркке каршы тийүү, кармалоо, бойдон алдырууга же кош бойлуу болууга мажбур кылуу, сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоо, башка адамдар менен жыныстык катнашка барууга мажбурлоо, зордукчулдун жыныстык актысын карап турууга мажбурлоо кирет.

Адатта, зомбулуктун мындай түрүндө адам психологиялык жактан катуу жабыркап, аң-сезимине жана дене боюна катуу доо кетет. Зордуктоо – сексуалдык каалоодон улам эмес, эркектин аялдын үстөмдүк кылуу ниети менен жасалган «жалган сексуалдык аракет», ал эми сексуалдык жакындык жана аялды пайдалануу эркектин үстөмдүк позициясын сактоо аракети катары каралат.

— Экономикалык зомбулук

Экономикалык зомбулукка турак жайдан, кийим-кечеден, башка мүлктөрдөн же акчадан атайылап ажыратуу кирет. Акчага жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө, кайырчылык-тилемчилик кылууга мажбур кылуу, иштегенге же окуганга уруксат бербөө, акча же мүлк менен опузалоо кирет. Мында агрессор адамдын каражаттарын көзөмөлдөп, дайыма отчет берүүнү талап кылат. Зордук-зомбулук көрсөткөн адам эсеп ачып же насыя карталарын алып, жабырлануучунун атынан карыз топтойт же жөн гана жубайлардын жумушка орношуусуна, иштеп акча табышына жол бербейт.

— Санариптитик зомбулук

Зордук-зомбулуктун бул түрүнө социалдык тармактар аркылуу өнөктөштү куугунтуктоо, артынан түшүү же коркутуу үчүн билдирүүлөрдү жөнөтүү кирет. Көп учурда мындай жүрүм-турум онлайн режиминде жүзөгө ашырылган оозеки же эмоционалдык зомбулуктун бир түрү болуп саналат. Санариптик зомбулукка электрондук каражаттар аркылуу терс билдирүүлөрдү, кемсинтүүлөрдү же коркутууларды жөнөтүү, жабырлануучунун кайда жүргөнүн билүү үчүн ар кандай технологияны колдонуу, керексиз ачык сүрөттөрдү жөнөтүү кирет. Жабырлануучунун социалдык тармактарындагы паролдорун талап кылуу, анын телефонун тез-тез текшерип туруулар кирет.

Депутат Динара Ашимованын “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо” чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси бир гана физикалык зордук-зомбулукка тийиштүү эмес, анда сунушталган өзгөртүүлөр боюнча психологиялык жана экономикалык зомбулук, ошондой эле куугунтук же санариптик зомбулук кылмыш катары каралат.

ИИМдин маалыматты боюнча 2022-жылдын 5 айында үй-бүлөдө зомбулук жасалган 3 988 учур катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга быйыл 7 айда 5 159 убактылуу коргоо ордери берилген.

Улуттук статистиканын маалыматтары көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары басымдуу көпчүлүк учурларда (2020-жылы — 96%) аялдар болууда.

Мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн тизмеси. 

Кыз макул болсо да, ала качкан жигит жазаланат. Мыйзам долбоор талкууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>