Милиция акча талап кылган өспүрүм жандандыруу бөлүмүнө түштү

Милиция акча талап кылган өспүрүм жандандыруу бөлүмүнө түштү

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси  (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 144-беренеси  (коркунучта калтыруу) менен иш козголду.

6-июль күнү күзөт кызматкери көчөдө олтурган өспүрүмдөн акча талап кылган.

«Ал өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан чегинен чыгып, электрондук тамеки чегип отурган С.Ю. аттуу өспүрүмдү административдик жоопкерчилик тартыларын айтып коркутуп, андан акча талап кылган. Акчаны  банкоматтан чечтирип алган. Моралдык-психологиялык кысымдын кесепетинен жашы жете элек С.Ю. окуя болгон жерден эсин жоготкон», — дейт көзөмөл органы.

Милиционер балага жардам бербей качып кеткен. Өспүрүм геморрагиялык инсульт алып, оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>