Баткенде жездеси кайнисин атып өлтүрүүгө шектелип кармалды

Баткенде жездеси кайнисин атып өлтүрүүгө шектелип кармалды

Баткендин Чаувай айылында жездеси кайнисин атып өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-августта саат 18:30дар чамасында Үч-Коргон айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери «102» кызматына чалып, 60 жаштагы Б.Б. аттуу жаран 49 жаштагы Т.Ш. жана анын 22 жаштагы Т.К. аттуу уулуна ок атып, 49 жаштагы жаран каза болгону, жаш жигит Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилгени тууралуу кабарлаган.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган.

Белгилүү болгондой, 60 жаштагы жаран маркумдун жездеси болгон. Алар мурдатан бери жер талашып келгендиктен, кайым айтыша кетип, Б.Б. аттуу жаран мас абалында, өзүнүн жанында алып жүргөн мылтык менен кайнисин сол тарап колуна, андан кийин кайнисинин уулун оң жак желкесине атып жиберген. Андан кийин окуя жеринен качып кеткен.

Милиция шектүүнү Чаувай айылындагы үйүнөн таап, кармаган. Андан ок аткан курал табылып алынган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, маркумга соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

Шектүү убактылу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>