Кыргызстанда курал алуу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүү эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте эки ири эл аралык көргөзмө өтөт — катышуучуларды эмнелер күтөтНоокатта базардан Кызыл китепке кирген кумай канаттуусу табылдыДКО жана ШКУ саммити: Бишкек жана Ысык-Көлдө кайсы жолдор жабылары айтылдыБишкектеги Улуттук тарых музейинде Кытайдын байыркы искусствосунун көргөзмөсү ачылдыКыргызстанда 2027–2031-жылдарга карата фискалдык саясаттын долбоору жактырылды
Милиция дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кызды табууга жардам сурайт
18.01.2021 | 09:47
Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон 2004-жылы туулган Толсунова Гүлсүнайды издөөдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Гүлсүнай Шевченко көчөсүндөгү Военно-Антоновка айылында жашайт. Ал 2020-жылдын 20-декабрында үйдөн чыгып кеткен жана ушул убакка чейин анын жүргөн жери белгисиз.
Белгилери: бою 160-165 см, арыкчырай, узун кара чач, көздөрү кара.
Ал жашыл түстөгү балон куртка, кара жынсы шым жана бутуна кара кроссовка кийген.
Милиция Толкунованын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардын баарынан төмөнкү телефон аркылуу билдирүүсүн суранат: 0 (312) 60-75-67, 0-3134 5-33-80, 0 (558) 86-14-86, 0 (709) 35- 35-29.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом