Милиция: Элди 27 млн сомго алдап кеткен курулуш компаниясынын директору кармалды

Милиция: Элди 27 млн сомго алдап кеткен курулуш компаниясынын директору кармалды

Бишкекте курулуш компаниянын директору алдамчылыкаа шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрб райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-сентябрда милицияга аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 2020-жылы 11-августта шаардагы курулуш компанияларынын биринин А.З. аттуу директору Фучик көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир берем деп убалап 1 млн 921,8 миң сом алып, алдап кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул кылмышка шектүү катары 32 жаштагы А.З. аттуу жаран кармалган. Октярбрь райондук соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Милициядан билдиришкендей, учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга да катыштыгы бар экенин аныкталып, ал жарандарды 27 млн 92,5 миң сомго алдап кеткени белгилүү болгон.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0(505) 106 565, 0(500) 030 200, 0(701) 002 688 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>