Ошто 17 жаштагы кыз таксист ыдык көрсөтүп, милиция чара көрбөгөнүнө арызданды (видео)

Ошто 17 жаштагы кыз таксист ыдык көрсөтүп, милиция чара көрбөгөнүнө арызданды (видео)

Ош шаарында 17 жаштагы кызы таксинин айдоочусунан ыдык көргөнүн айтып, бирок милиция тиешелүү чара көрбөй койгонун билдирди. Соцтармактарга кыздын Ош шаардык милициясынын алдында ыйлап, милициянын көңүл кош мамилесине арызданып ыйлап жатканы тартылган видео тарады.

Анын айтымында, ал таксиге түшүп, үйүнө барган. Андан кийин айдоочу кызга 5-6 миң сом акча берем деп, мойнун өпкүлөп, ыдык көрсөткөн. Бул окуядан кийин ал милицияга кайрылган.

«Милицияга келгенде таксист мени «сойку» дегенин айтпай эле, телефонумду уурдатып жибердим, таксист алып койду деп айткам. Милиция кызматкерлери телефонумду чөнтөгүмдөн таап алып, мени түртүп, камерага тартып, сыртка чыгарып койду. Таксисттин мага андай мамилге кылганга акысы жок. Мени таксист «сойку» деп, кандай мамиле кылганын айта албайм да», — дейт ал.

Андан кийин кыз милицияга таксисттин ыдык көрсөткөнүн айткан, бирок милиция кызматкерлери тиешелүү чара көрбөй, окуяга көңүл кош мамиле кылып койгон.

Бул окуя боюнча шаардык милиция билдиргендей, 2-октябрга караган түнү милицияга 2006-жылы туулган Жалал-Абаддын тургуну кайрылган. Ал таксинин айдоочусу ыдык көрсөткөнүн билдирип, арыз жазган.

«Арыз Ош шаардык милициясынын электрондук маалымат журналына катталган. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан такси кызматын көрсөткөн айдоочу жана күбө алынып келинип, суралган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө телефон кыздын жанынан, сумкасынан табылган, ошондой эле кызга акча каражаты зарыл болгондугу аныкталган.

Тергөө кызматынан чыккан соӊ, арыздануучу кыз Ош шаардык милициясынын имаратында «мени милиция кызматкерлери кабыл албай жатат» деген мазмунда башка жаранга ыйлап айтып берген. Бул кыздын арызы боюнча ар тараптуу тергөө иштери уланууда. Такси кызматындагы жарандын, арыздануучу кыздын жана күбөлөрдүн берген маалыматтары ар тараптуу текшерилет. Социалдык жактан коргоо кызматтары менен биргеликте дагы иш алынып барылат.

Арыздануучу И.А. — 2006-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун тургуну. Мурда бир нече ирет Ош облусунун жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ар кандай жарандардын үстүнөн арыз менен кайрылган, арыздары боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ош ШИИБнын жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору тарабынан рейд учурунда кармалып, бир нече ирет социалдык коргоо кызматына өткөрүлүп берилген», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>