Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган дагы бир унаа айылдагы сууга кулаганы айтылды. ӨКМ четке кагууда

Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган дагы бир унаа айылдагы сууга кулаганы айтылды. ӨКМ четке кагууда

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында Нарындын Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир унаа кырсыкка кабылганын айтып чыкты.

Самыйкожо комитеттин отурумуна катышып жаткан экология министринин милдетин аткаруучу Медер Машиевге кайрылып, бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды.

«Миң-Кушта уран калдыктарын ташыган дагы бир жүк ташуучу унаа айылдын ичиндеги сууга кулаптыр. Айдоочусу соо эмес деп жатышат. Медер Асанович, бул нерсе экинчи жолу болуп жатат. Баягыда да болгон. Ошол жердеги жетекчилер шалаакылык менен мамиле кылып жатышат, көзөмөл жок болуп жатат», — деди ал.

Сөзүн улай Мирлан Самыйкожо Миң-Куштагы уран калдыктарын ташууда коопсуздук эрежелери сакталат деп президент Садыр Жапаров өзү сөз берип кеткенин белгиледи.

«Өлкө башчы өзү барып, «так, таза ташылат, элге эч кандай зыяны тийбейт» деп айткан. Учурда айыл тургундары бала-чакасы үчүн кооптонуп жатышат. КамАЗ айылдын ичине кулаптыр. Ичинде жүгү бар деген маалымат чыгып жатат», — деди ал.

Машиев аталган окуя боюнча кабары жок экенин, тактап туруп маалымат берерин билдирди.

ӨКМ эмне дейт?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уран калдыктарын ташыган унаадан калдыктар жерге төгүлгөн деген маалыматты четке кагууда. Министрлик билдиргендей, 2-сентябрда Миң-Куш айылында Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал жолунун 2-чакырымында уран калдыктарын ташып келе жаткан «ХОВО» (атайын радиоактивдүү калдыктарды ташуучу) унаасы жолдон чыгып кетип, эңкейиш жерге түшүп кетип, токтоп калган.

«Жерине Жумгал райондук ӨКБдан ыкчам топ, ИИМ кызматкерлери жана ишкананын кызматкерлери тартылган. Ал эми унаа токтоп калган жерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, (дозиметр менен) калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган. Ошондой эле аталган унаа бузулгандыгына байланыштуу калдыктарды башка атайын унаага жүктөп, алып кетишкен. Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, быйыл 1-июлда да Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» уран калдыктарын сактоочу жайдан калдыктарды ташып иштеген жүк ташуучу унаа кырсыктап, сайга кулаган. Анда ӨКМ жүк ташуучу унаа бош келе жатканын кабарлаган. Бирок кийинчерээк ал жүк ташуучу унаа уран калдыктарын ташып келе жатканы ачыкка чыккан.

«Туюк-Суудагы» уран калдыктарын башка жерге ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталып, аны россиялык «Росатом» ишканасы кол алган. Июлдагы кырсыктан кийин «Росатомдун» адиси Владимир Богатырев сайга кулаган жүк ташуучу унаада уран калдыктары болгонун тастыктап, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>