Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарды картошканы жазга чейин сактабай, сатууга чакырды. Бул тууралуу ал «Биринчи радионун» түз эфиринде билдиргенин министрликтен кабарлашты.
Министрдин айтымында, өлкөдө картошканын баасын туруктуу кармоо максатында тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. 3-февралда Ош шаарында картошканын дүң баасы 60 сомдон болсо, ыкчам көрүлгөн чаралардын негизинде ошол эле күнү кечке маал картошканын дүң баасы 49 сомго түшүрүлгөн.
«Учурда өлкөдө картошканын кору жетиштүү. Дыйкандар картошкаларын жер төлөдө сактап жатышат. Базарга келгенде ортомчулар картошканын баасын 75 сомго чейин көтөрүп жиберишүүдө. Аларга да бул боюнча чаралар көрүлөт. Азыркы тапта картошканын экспортуна тыюу салуу маселеси каралып жатат.
Быйыл жаздын эрте келиши күтүлүүдө. Үрөндөр эрте себилип, түшүмдөр да эрте жыйналат. Картошканын корун жазга чейин кармоонун зарылчылыгы жок. Азыркы учурда баасы жакшы болуп турганда сатып, киреше таап алууга чакырам», — деген Төрөбаев.