Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Кытай Оштогу башкы консулдугунун ишин жандандырууда
13.07.2026 | 10:50

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев «Ачык кабинеттин» жүрүшүндө билдиргендей, Кыргызстан Кытайдын Ош шаарындагы башкы консулдугунун ишин жандандыруу үчүн зарыл болгон жол-жоболорду аяктап, жаңы башкы консулга экзекватура тапшырды.
Белгилей кетсек, экзекватура — бул чет элдик консулга өз милдеттерин аткарууга киришүүсүнө мүмкүндүк берген, кабыл алып жаткан мамлекеттин расмий уруксаты.
Кулубаев белгилегендей, мурда башкы консулдук Ош шаарында иштеп келген, бирок коронавирус пандемиясы мезгилинде анын иши убактылуу токтотулган. Ошондон бери ТИМге (Тышкы иштер министрлигине) дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишин жандандыруу өтүнүчү менен жарандардан бир нече жолу кайрылуулар түшкөн.
Ошондой эле министр Кыргызстан консулдуктун ишин кайра баштоо үчүн зарыл жол-жоболорду аяктаганын маалымдады. КЭРдин (Кытай Эл Республикасынын) Оштогу жаңы башкы консулу болуп Лю Мин Гэ дайындалды.