Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
9-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +38°С чейин көтөрүлөт, Ысык-Көлдө түнкүсүн жамгыр жаашы мүмкүн
09.07.2026 | 09:00
Бүгүн, 9-июлда, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык:
- Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22°С, күндүз +32…+37°С;
- Талас облусунда түнкүсүн +12…+17°С, күндүз +28…+37°С;
- Ош облусунда түнкүсүн +18…+23°С, күндүз +33…+38°С;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +18…+23°С, күндүз +33…+38°С;
- Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23°С, күндүз +33…+38°С;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15°С, күндүз +20…+25°С;
- Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12°С, күндүз +22…+27°С.
Шамал батыштан секундуна 4–9 метр ылдамдыкта согот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°С, күндүз +34…+36°С болот.
Чолпон-Ата шаарында негизинен жаан-чачын күтүлбөйт, бирок айрым учурларда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°С, күндүз +22…+24°С болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: аба ырайы