COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
«Манас» аэропортунда реконструкциядан кийин башкы кире бериш ачылды
13.07.2026 | 10:18

«Манас» эл аралык аэропорту масштабдуу реконструкциядан кийин жүргүнчүлөр үчүн борбордук кире бериш бөлүгүн ачты.
Модернизациялоо аэропорттун инфраструктурасын жаңылоо долбоорунун бир бөлүгү болду. Иштин алкагында имараттын фасады жаңыланды, жүргүнчүлөрдүн агымын уюштуруу үчүн зоналар кеңейтилди жана учуунун алдындагы көзөмөлдөн өтүү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Учурда адистер кире бериш топтун сырткы элементтерин жасалгалоо иштерин аяктап жатышат. Муну менен катар аэробекеттин ички оңдоо иштери жана жайларды жасалгалоо уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Манас аэропорту