Кыргыз-Корея өнүктүрүү фондун түзүү сунушталды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы экономикалык кызматташууну кеңейтүү максатында Кыргыз-Корея өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштады. Бул демилге Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери, «Корея – Кыргызстан» парламенттик достук тобунун жетекчиси Пак Док Хым баштаган делегация менен жолугушууда көтөрүлдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар кыргыз-корей кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты чыңдоо жана соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Марлен Маматалиев кийинки жылы Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 35 жыл толорун белгиледи. Анын айтымында, ушул убакыт аралыгында эки өлкө достукка жана өз ара ишенимге негизделген бекем мамилелерди түзүп, Корея Республикасы Кыргызстандын Азия-Тынч океан аймагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бирине айланды.

Төрага ошондой эле билим берүү тармагында атайын квоталарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларды ишке ашырууда парламенттердин ролу чоң экенин белгиледи.
Өз кезегинде Пак Док Хым Корея Республикасы Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, билим берүү, инновациялык технологиялар жана энергетика тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев кореялык делегацияны Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү жана парламентте жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери менен тааныштырды.