КРСУ Ош шаарында филиалын ачып, ӨКМдин окуу бөлүмүн түзөт

Кыргыз-Орус Славян университетинин (КРСУ) Башкаруу кеңеши Ош шаарында филиал ачууну, окуу жайдын базасында ӨКМ менен биргеликте заманбап окуу өрткө каршы куткаруу бөлүмүн түзүүнү жактырды жана университеттин бюджетинин негизги параметрлерин бекитти.
Бул чечимдер Башкаруу кеңешинин үчүнчү жыйынында кабыл алынды. Жыйында ошондой эле КРСУну өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары чыгарылып, модернизациялоонун кийинки багыттары аныкталды.
Жыйынга Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев, Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский, КРСУнун ректору Сергей Волков, депутаттар жана эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Ректор Сергей Волковдун айтымында, бүгүнкү күндө университетте 10 миңге жакын студент билим алат. КРСУ беш жылдык мөөнөткө эл аралык аккредитациядан өткөн, ал эми QS World University Rankings рейтингинде 200дөн ашык позицияга жогорулап, 901–950 тобуна кирди жана Кыргызстандын ЖОЖдорунун арасында экинчи орунду ээледи.
Негизги долбоорлордун бири катары жаңы кампустун курулушу калууда. Мындан тышкары, жаңы окуу жылынан тарта жети факультет үч институтка, Л.С. Выготский атындагы Билим берүү академиясына жана Жогорку мектептер системасына айландырылат.
Жыйындын жыйынтыгында университеттин инфраструктурасын өнүктүрүү жана башкаруу системасын өркүндөтүү пландары дагы бир ирет тастыкталды. Жыйындан кийин катышуучулар КРСУнун мектебинин, университеттик бейтапкананын жана келечектеги Клиникалык медицина жана биомедициналык технологиялар институтунун, ошондой эле Политехникалык институттун иши менен таанышышты.
Белгилей кетсек, жаңы адистерди даярдоо жана бүтүрүп чыгаруу КРСУнун өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бойдон калууда. 2026-жылы 1 128 адам — университеттин 1 068 бүтүрүүчүсү жана КРСУ колледжинин 60 бүтүрүүчүсү диплом алышты. Салтанаттуу азем ЖОЖдун 33 жылдык тарыхында биринчи жолу «Жаштык Аренада» бирдиктүү жалпы университеттик майрам форматында өтүп, бүтүрүүчүлөрдүн, алардын ата-энелеринин, окутуучулардын, Кыргызстан менен Орусиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн, университеттин өнөктөштөрүнүн жана ардактуу коноктордун башын бириктирди.
Дипломдор бакалавриат, специалитет, магистратура, ординатура жана орто кесиптик билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүнө тапшырылды. Алар экономика, илим, билим берүү жана мамлекеттик башкаруунун ар кандай чөйрөлөрүндө кесиптик жолун улантышат.