Мамлекет экологиялык жылытуу системаларын орнотууга жеңилдетилген насыя бере баштады

07.07.2026 | 11:08
Мамлекет экологиялык жылытуу системаларын орнотууга жеңилдетилген насыя бере баштады — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары заманбап жылытуу системаларын сатып алууга жана орнотууга, ошондой эле турак жайын газдаштырууга жеңилдетилген насыя ала алышат. Каржылоо «Абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында берилет.

Жеңилдетилген насыяларды өнөктөш банктар — АБанк, Элдик Банк жана Бакай Банк берет.

Энергияны үнөмдөөчү жылытуу жабдууларын сатып алууга жана орнотууга жылдык үстөгү 6%дан башталган, мөөнөтү беш жылга чейин болгон 1 миллион сомго чейин насыя алууга болот.

Каражатты жылуулук насосторун, электр казандарын, инфракызыл керамикалык жылыткычтарды, күндүн жылуулук системаларын жана башка заманбап энергияны үнөмдөөчү жабдууларды сатып алууга жана орнотууга жумшоого мүмкүн.

Мындан тышкары, жарандар турак жайын газдаштырууга да жеңилдетилген насыя ала алышат. Анын эң жогорку суммасы 150 миң сомду түзөт, ал эми пайыздык чени мурдагы 8%дын ордуна 3%ды түзөт.

Долбоор Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Финансы министрлиги жана эл аралык донорлордун колдоосу менен ишке ашырылууда. Анын негизги максаты — үйлөрдү экологиялык жактан таза жана энергияны үнөмдөөчү жылытуу технологияларына өткөрүү аркылуу абанын булганышын азайтуу.

Scroll to Top