Жаратылыш министрлиги: Арпа өрөөнүндө электр кайырмагы менен чет элдиктер кармалды

13.07.2026 | 11:11
Жаратылыш министрлиги: Арпа өрөөнүндө электр кайырмагы менен чет элдиктер кармалды — Новости Кыргызстана

Нарын облусунун Арпа өрөөнүндө электр кайырмагын колдонуп мыйзамсыз балык уулагандыгы үчүн төрт чет элдик жаранга административдик айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Укук бузуулар жөнүндө кодекске таянып, ар бир тартип бузуучуга 10 миң сомдон айып пул салынган. Айып пулдун жалпы суммасы 40 миң сомду түздү. Мындан тышкары, жайыт жерлеринде автотранспорт каражаттары менен мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн алардын ар бирине кошумча 5,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Чогултулган материалдар колдонуудагы мыйзамдардын алкагында мындан аркы чараларды көрүү үчүн УКМКга өткөрүп берилди.

Scroll to Top