Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
«Менин шаарым» тиркемесинде түнкү автобус каттамдары пайда болду
13.07.2026 | 11:12

«Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жаңы «Түнкү каттамдар» функциясы ишке кирди. Эми колдонуучулар Бишкекте түнкү убакта каттаган автобустар тууралуу маалыматты оңой ала алышат.
«Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы билдиргендей, жаңы бөлүмдө түнкүсүн каттаган бардык автобус каттамдары көрсөтүлгөн. Учурда №3, 13, 16, 19, 35, 45 жана 55 автобустары түнкү каттамдарды аткарат.
Жаңы функция түнкүсүн үйүнө кайткандарга, түнкү нөөмөттө иштегендерге, жакындарын тосуп же узаткандарга, ошондой эле борбор калаанын конокторуна жолун алдын ала пландаштырууга жардам берет.
Кызматты колдонуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесин ачып, «Транспорт» бөлүмүнө өтүп, «Түнкү каттамдар» бөлүмүн тандоо жетиштүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек