Путин Бээжинге келди: Си менен сүйлөшүүлөр жана кол коюла турган 40 документДепутат исламдык камсыздандырууга кыргызча аталыш берүүнү сунуштады«Асман Эйрлайнс» авиабилеттерди расмий каналдар аркылуу сатып алууну сунуштайтЖээнбек Кулубаев Мозамбик жана Намибияга расмий сапар менен барат27-майда Курман айтка байланыштуу КТБлар иштебейтСаякат ушул жерден башталат: MTravel Day кантип асманга билеттерди таратып, туризмдин келечегин тааныштырды
Министр электр тармагындагы авария тууралуу: Мындай абал биринчи жолу болууда
25.01.2022 | 17:04
Жапырт электр жарыксыз калуу абал Борбордук Азиянын энергетикалык системасынын тарыхында биринчи жолу болду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Анын айтымында, азыр алар коңшу Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттери менен иштешүүдө.
«Азыр керектөөчүлөрдүн 50%ы электр энергиясы менен камсыз болду, 1-2 сааттан кийин бардык керектөөчүлөр камсыздалат. Бишкектин борборунда майда кырсыктар болду, алар жоюлат. Бишкек ЖЭБ түн ичинде бардык жарандарды жылуулук менен камсыздайт», – деди ал.
Бүгүн Борбордук Азиянын энергетика системасынын ишинде мүчүлүштүктөр болду. Авариялык өчүрүү системасы ишке киргизилди. Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын керектөөчүлөрү бир нече саатка жарыксыз калышты.