Бишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштадыКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштары
Эрлан Шеров Азия оюндарында дзюдо боюнча күмүш медаль утту
02.10.2026 | 15:31

Бүгүн, 2-октябрда, Жапониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров күмүш медаль жеңди. Ал 90 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Шеров алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону мөөнөтүнөн мурда «иппон» ыкмасы менен жеңген. Чейрек финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда уткан. Ал эми жарым финалдык беттеште Өзбекстандын өкүлү Нурбек Муртозоевди 1:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
Финалда Эрлан Шеров япониялык Рику Окадага 0:1 эсебинде утулуп, Азия оюндарында экинчи орунду камсыз кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Азия оюндары, дзюдо