КМШ өлкөлөрү коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүүдө

01.10.2026 | 14:56
КМШ өлкөлөрү коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты тереңдетүүдө — Новости Кыргызстана

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөр коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы аракеттенүү багытындагы кызматташтыкты тереңдетүүдө. Бүгүн, 1-октябрда, Душанбе шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен КМШ мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин жолугушуусу өттү. Жыйынга Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, жолугушууда трансулуттук жана уюшкан кылмыштуулукка, баңгизаттар менен курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, адам сатууга жана чек ара аралык кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү маселелери каралды.

Тараптар ошондой эле киберкылмыштуулуктун өсүшүнө жана санариптик технологияларды мыйзамсыз максаттарда колдонууга каршы чараларды талкуулашты. Бул жаатта ыкчам маалымат алмашуу жана өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү зарылдыгы айтылды.

Мындан тышкары КМШ аймагында туруктуулукту камсыз кылууга багытталган укук коргоо тармагындагы байланыштарды өнүктүрүү боюнча да пикир алмашышты.

Scroll to Top