Чүй облусунун 100 жылдыгына карата Кант шаарынын мэриясы майрамдык видеоролик тартууладыМал ээлери эми «Түндүк» тиркемесинен өз малдары тууралуу маалыматтарды көрө алышатСадыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн башчылары менен бирге Авазадагы улуттук тамак-аш фестивалына бардыКыргызстанда бир жумада КРВИ жана сасык тумоо менен 5,5 миңден ашык адам ооруду: бейтаптардын 75%ы — балдарКүзгү жамгырлар жана бийик тоолуу аймактарда кар жаайт: 9-октябрга карата аба ырайыБишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жок
Милиционер кызга ыдык көрсөткөнгө аракет кылган деп шектелүүдө
01.08.2023 | 10:28
Бишкекте милиция кызматкери аялдамада кызга ыдык көрсөткөнгө аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, арыз 28-июлда келип түшкөн. Анда арыз ээси ошол күнү саат 18:00 чамасында кызматкер Жибек жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада ыдык көрсөтүүгө аракет кылган деп жазган.
Бул факты аталган райондо каттоого алынып, 34 жаштагы Ж.У. аттуу жаран милиция бөлүмүнө алып келинип, суракка алынган.
Материалдар Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал