Министр: Мөмө-жемиштин экспортун 1 млрд долларга жеткирүүнү пландап жатабы

Министр: Мөмө-жемиштин экспортун 1 млрд долларга жеткирүүнү пландап жатабы

Кыргызстанда өстүрүлгөн мөмө-жемиштин экспортун 1 млрд долларга жеткирүүнү көздөп жатабыз. Бул тууралуу айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев «Кыргызстандын мөмөлөрү: 1 миллиард долларлык биринчи экспорттук продукт» аттуу республикалык форумда билдирди.

Ал акыркы убакта эл аралык рынокто кыргыз мөмөсүнө болгон кызыгуу бир топ өскөнүн сөз кылды.

«Келечекте мөмө-жемиш экспортун 1 млрд долларга жеткирүү максатын көздөп жатабыз. Бул амбициялуу максаттарга жетүү үчүн сапатту көчөт, жаңы инновациялык технологияларды пайдалануу, кайра иштетүү ишканаларын, логистика, муздаткыч агрегаттарды куруу, фермерлер менен адистерди окууту жаатында билимге өзгөчө маани берүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзүү, заманбап тамчылатып сугаруу системаларын жигердүү ишке киргизүү зарыл. Бүгүнкү форум тажрыйба, билим жана идеяларды алмашуу үчүн эң сонун аянтча болоруна ишенем», — деди Төрөбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>