Көчмөндөр оюндарына билет сатабыз деп алдамчылык кылган шектүүлөр кармалды

Чолпон-Ата шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билет сатабыз деп алдамчылык кылууга шектелип эки жигит кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, 20 жаштагы М.Д.С. жана 21 жаштагы Ш.И.С. аттуу жарандар «Threads» социалдык тармагында Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билет сатуу тууралуу жарыя жайгаштырышкан. Териштирүүнүн жүрүшүндө бул билеттер сатууга арналбаганы аныкталган. Шектүүлөр электрондук которуулар аркылуу акча алып, сатып алуучуларга билеттерди беришкен эмес.
Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, ккук коргоо органдары окуянын жагдайларын жана башка жабырлануучулардын бар-жоктугун аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.
УКМК жарандарды билет сатып алууда расмий булактарды гана пайдаланууга чакырат.