Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Нарын жана Ат-Башыда малдын жайлоодон түшүүсүн көзөмөлдөө үчүн пост уюштурулду
27.08.2026 | 13:32

Нарын жана Ат-Башы райондорунда малдын алыскы жайлоолордон белгиленген мөөнөттөн мурда түшүп келишин жана айдоо аянттарына кирүүсүн алдын алуу үчүн көзөмөл күчөтүлдү. Бул максатта Босого аймагындагы «Кулаган-Акташ» участкасында 20-августтан 4-октябрга чейин көзөмөл посту иштейт.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, постто жооптуу кызматкерлер график боюнча кезекчилик кылып, аймакты көзөмөлгө алышат.
Иш-чаранын максаты — малдын айдоо аянттарына кирип, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүсүнө жол бербөө жана түшүмдү сактоо болуп саналат. Көзөмөл учурунда малчыларга жайлоодон түшүү мөөнөттөрүн сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом