Кыргызстан менен Кытай түбөлүк ынак коңшулук жана достук жөнүндө келишимге кол коюшту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 31-августта, эки өлкөнүн ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.
Кол коюу аземи Кыргызстан менен Кытайдын лидерлеринин Бишкектеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен өттү. Ошондой эле мамлекет башчылары Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.
Буга чейин Садыр Жапаров бул келишим эки мамлекеттин ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары сапаттуу өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөрүн билдирген.
Документ ынак коңшулук, достук жана кызматташтык принциптерине негизделген Кыргызстан менен Кытайдын узак мөөнөттүү мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө багытталган.
Си Цзиньпин Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Иш сапардын алкагында ал Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына жана «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга да катышат.