Министр окуучусу шылдыңдап видео тарткан мугалим менен жолукту

Министр окуучусу шылдыңдап видео тарткан мугалим менен жолукту

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жана Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова Бишкек шаарындагы №91 жалпы билим берүүчү мектеп-гимназияга барды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган мектептин окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимге туура эмес мамиле кылган видеосу социалдык тармактарга тараган.

«Министр окуучу бала жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырды. Окуучу түз эфирде кылган жосунсуз жоругу үчүн эжейинен жана жалпы мугалимдерден кечирим сурап, экинчи кайталабоого сөз берди», — деп билдирет министрлик.

Андан соң Иманалиев жетекчиликке балдар жана ата-энелер үчүн психологдор менен жолугушуу уюштурууну, класстык тарбиялык сааттарды өтүүнү тапшырган.

«Эгерде сен Акжол Махмудовдой чемпион болом десең мен сага жардам берем. Айсулуу Тыныбекованы, Акжол Махмудовду дагы эжей-агайлар окуткан. Мен агай-эжелерди сыйлап жүрүп, министр болдум. Мен мугалимди сыйлагандардын баары менен дос болом. Биз мугалимди коргой албасак, чек араны кантип коргойбуз?», — деди министр.

Каныбек Иманалиев мамлекеттик саясат дагы мугалимдерди колдоого багытталганын белгилеп, президент билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан. Ошондой эле, кайсы окуучу жакшы эжей, мектеп, билимдин баркы жөнүндө ролик жасаса, окуучуларга атайын сыйлык бере тургандыгын кошумчалаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>