Министрлик: 6 айда калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 9,6 млрд сом жумшалды

08.08.2023 | 16:30

Быйыл 6 айда жарандарга социалдык жардам көрсөтүү үчүн республикалык бюджеттен 9,6 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул (“Үй-бүлөгө көмөк”) берүү үчүн 2,7 млрд сом, “Балага сүйүнчү” төлөөгө 292,1 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле:

– социалдык жөлөкпулдар – 4,2 млрд сом;

– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар – 287,4 млн сом;

– адамды акыркы сапарга узатуу кызматтарын көрсөтүүгө – 37,2 млн сом;

– калкка жеңилдиктердин ордуна кенемтелер (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары, Чернобыль АЭСинин катышуучулары ж.б.) – 515,6 млн.

– кесиптик окууга чыгашалар (жумушсуздарды окутууга) – 17,2 млн сом;

– коомдук иштерди уюштурууга кеткен чыгымдар – 29,4 млн сом;

– аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык контракт – 987 млн сом;

– туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жеке жардамчысы үчүн – 568,2 млн сом;

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Коом
Scroll to Top