Министрлик: 6 айда калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 9,6 млрд сом жумшалды

Министрлик: 6 айда калкка социалдык жардам көрсөтүүгө 9,6 млрд сом жумшалды

Быйыл 6 айда жарандарга социалдык жардам көрсөтүү үчүн республикалык бюджеттен 9,6 млрд сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпул («Үй-бүлөгө көмөк») берүү үчүн 2,7 млрд сом, «Балага сүйүнчү» төлөөгө 292,1 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле:

— социалдык жөлөкпулдар — 4,2 млрд сом;

— кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар — 287,4 млн сом;

— адамды акыркы сапарга узатуу кызматтарын көрсөтүүгө — 37,2 млн сом;

— калкка жеңилдиктердин ордуна кенемтелер (Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучулары, Чернобыль АЭСинин катышуучулары ж.б.) — 515,6 млн.

— кесиптик окууга чыгашалар (жумушсуздарды окутууга) — 17,2 млн сом;

— коомдук иштерди уюштурууга кеткен чыгымдар — 29,4 млн сом;

— аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн социалдык контракт — 987 млн сом;

— туруктуу камкордукка жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жеке жардамчысы үчүн — 568,2 млн сом;

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>