Эксклюзив

Шубин мектебиндеги жаңжал. Директордун ата-энелердин бирине карата кылмыш ишин козгоо өтүнүчү четке кагылды

11.06.2026 | 15:12
Шубин мектебиндеги жаңжал. Директордун ата-энелердин бирине карата кылмыш ишин козгоо өтүнүчү четке кагылды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү Сыймык Төлөгөнов П. Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин (ББММ) окуучуларынын ата-энелеринин бири — Саадат Амановага карата кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Буга чейин мекеменин директору Гүлзинат Суранчиева ал жөнүндө жалган маалымат таратты деген негизде арыз жазган.

Бул тууралуу Reporter.kg сайтынын кабарчысына 2026-жылдын 7-июнундагы тиешелүү токтомдон белгилүү болду.

Документте ошондой эле материалдардын көчүрмөлөрү КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тартибинде каралып, чечим кабыл алынышы үчүн Биринчи май райондук ИИБдин Коомдук коопсуздук кызматына (ККК) өткөрүлүп берилгени айтылат.

Аманованын кабарчыга айтымында, ал кечээ улуу лейтенант Сагынбек Сатаров тарабынан 107-берененин 1-эскертүүсү, 2-бөлүгү (интернетте жана ЖМКда жалаа жабуу жана мазактоо) боюнча түзүлгөн укук бузуу жөнүндө протокол менен таанышкан.

Бул укук бузуу боюнча төмөнкүдөй жаза каралган:
• жеке жактар үчүн — 20 миң сом (200 эсептик көрсөткүч);
• юридикалык жактар үчүн — 65 миң сом (650 эсептик көрсөткүч).

Эске салсак, мыйзамдарга ылайык, мындай укук бузуулар боюнча арыздар укук коргоо органдары тарабынан каралып, андан кийин материалдар сотко өткөрүлүп берилет.

Аманова басылмага берген комментарийинде «укук бузуу жөнүндө протокол менен макул эместигин жана аны сот аркылуу талашууга ниеттенип жатканын» билдирди.

Ошондой эле, учурда Маданият министрлиги тарабынан түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия музыкалык мектептеги кырдаал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын белгилей кетели.

Маселенин таржымалы

Эске салсак, 2026-жылдын 11-майында музыкалык мектептин эки окуучусунун апасы Саадат Аманова социалдык тармактарда окуунун баасы көтөрүлгөнү тууралуу билдирүү (пост) жарыялаган.

Белгилей кетсек, Аманованын окуу акысынын жогорулашы тууралуу постунун астында мектептин башка окуучуларынын ата-энелери да комментарий калтырышкан. Алар билим берүүнү жана мугалимдердин эмгегин колдоого каршы эмес экенин, бирок мындай чечимдер алардын пикиринде, ачык-айкын жана мыйзамдуу кабыл алынышы керектигин баса белгилешкен.

Өз кезегинде Маданият министрлигинин басма сөз кызматы социалдык тармактарда тараган маалымат боюнча Reporter.kg сайтына комментарий берип, «П. Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебиндеги баштапкы музыкалык билим берүү программалары боюнча контракттык окутуунун баасын белгиленген квотадан (мамлекеттик буйрутмадан) ашыкча көтөрүү Маданият министрлиги менен макулдашылган эмес. Бул маселе боюнча акыркы чечим кабыл алына элек» деп билдирген.

14-майда окуучулардын ата-энелери мектеп администрациясына расмий кайрылуу жасашкан. Анда кол койгондор окуу акысынын 3,5 миң сомдон 6,5–7 миң сомго чейин кескин жана негизсиз көтөрүлүшүнө караманча каршы экендиктерин билдиришкен.

Ошондой эле алар бул сумманы 2026-жылдын апрель айы үчүн арткы дата (өткөн убакыт) менен төлөө талабына макул эместигин билдиришкен. Белгилей кетсек, ал учурда кайрылууга 24 адам кол койгон.

15-майда ата-энелердин кайрылуусу абалды териштирүү өтүнүчү менен Маданият министрлигине, Биринчи май райондук прокуратурасына жана Президенттин администрациясына да жөнөтүлгөн.

18-майда Reporter.kg кабарчысы мектеп директору Гүлзинат Суранчиевадан комментарий алууга аракет кылган. Алгач ал WhatsApp аркылуу бир нече үн билдирүүлөрүн жөнөтүп, бирок кийинчерээк журналистке анын сөздөрүн колдонууга тыюу салып, аларды өчүрүп салган жана кийинчерээк расмий жазуу түрүндө комментарий берүүнү убада кылган.

21-майда посттун автору — музыкалык мектептин эки окуучусунун апасы Саадат Аманова Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан суракка алынган. Анын айтымында, күбө катары сурак берүү 4,5 саатка жакын — 18:30дан дээрлик 23:00гө чейин созулган.

Тергөөчү Сыймык Төлөгөнов кабарчыга түшүндүргөндөй, суракка алууга П. Ф. Шубин атындагы ББММдин директору Гүлзинат Суранчиеванын «өзүнө карата жалган маалымат таратылды» деген арызы негиз болгон.

22-майда П. Ф. Шубин атындагы ББММдин администрациясы ата-энелердин жамааттык кайрылуусун (дооматын) «жол-жоболоштуруу тартиби бузулгандыгына жана юридикалык негиздердин жоктугуна байланыштуу» четке каккан.

Анара Мамытова

Scroll to Top