Кыргызстандыкты сабаган боксчу Шуменов каякта жашырынып жүрүшү мүмкүн?

Кыргызстандыкты сабаган боксчу Шуменов каякта жашырынып жүрүшү мүмкүн?

Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов кыргызстандык жаранды сабаганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган казакстандык боксчу Бейбут Шуменов каякта жашырынып жүргөндүгү тууралуу оюн айтты.

Журналисттер министрден Шуменовдун жубайы АКШнын жараны болгонун эске алганда, ал каякта болушу мүмкүн экенин сураган.

«Балким ошол жакта (АКШда) жүрөт. Учурда кат түрүндө кайрылуу жөнөтүлгөн. Анын алкагында керектүү тергөө амалдары жүрүүдө», — дейт министр.

Ахметжанов бул иш кандай жыйынтыкталышы мүмкүн экендиги тууралуу кандайдыр бир божомол айтуудан кармаган. Бирок бул иште тараптардын жарашуусу каралганын айткан.

«Бул иш орто оордуктагы болуп саналат, жарашуу каралган. Эгер (Шуменов) кайтып келсе, анын катышуусу менен толук кандуу иликтөө иштери жүргүзүлүп, мыйзамдуу процессуалдык чечим кабыл алынат», — дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Казакстандын Астана шаарында бокс боюнча экс-дүйнө чемпиону Бейбут Шуменов кыргызстандык жаранды сабаганы тууралуу кабарланган. Окуя 18-июнда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, мушташ алардын балдары чырдаша кеткенден кийин болгон.

Белгилүү болгондой, бул окуяны териштирген участкалык полиция кызматкери ишти жаап койгон. Бирок жабырлануучу тарап окуянын видеосун соцтармактарга чыгаргандан кийин кайра териштирүү башталып, «бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле ишти жаап койгон кызматкерге карата кызматтык териштирүү башталган.

Соцтармактарга жарыяланган видеого караганда, Бейбут Шуменов колунда бала кармап турган адамдын жанына келип, аны менен бир-эки ооз сөз алмашып, желкеден кармаган. Кыргызстандык аны ары түртүп, столдогу бир буюмду алып, аны урууга аракет кылып, мушташ башталган. Окуянын күбөлөрү аларды ажыратып, полиция келген.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Кайрат Сунтаевдин айтымында, окуя учурунда кичинекей бала жаракат алган эмес.

Ал эми мушкердин өзү кафеде мушташып кеткен адам Кыргызстандын жараны экенин полиция бөлүмүнөн билгенин айткан. Ал билдиргендей, кыргызстандык жаран столдун үстүндөгү бычакты алып, ага бычак шилтегенден кийин мушташ башталган.

Бейбут Шуменов казакстандык кесипкөй бокчу, жарым оор жана биринчи оор салмак категорияларында рингге чыгып жүргөн. 2016-жылы эки салмак катергорияда тең (WBA super жана WBA regular) дүйнө чемпиону болгон биринчи казакстандык мушкер.

Кийинчерээк Казакстандын ИИМи Шуменовго козголгон «бейбаштык» беренеси боюнча 5 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө жаза каралганын билдирген.

22-июлда Шуменов издөөгө алынган.

Астанада кыргызстандыкты сабаган боксчу Шуменов издөөгө алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>