Министрлик: Алматыда сабалган Сыдыковдун баш мээси чайкалып, кабыргаларынын көп бөлүгү сынган

Министрлик: Алматыда сабалган Сыдыковдун баш мээси чайкалып, кабыргаларынын көп бөлүгү сынган

Саламаттык сактоо министрлиги Казакстанда сабалган кыргызстандыктын абалы тууралуу айтып берди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 20-январында саат 14:55те Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 47 жаштагы бейтап Чолпонбай Сыдыков түшкөн.

Адистер (нейрохирург, травматолог, хирург) консультация өткөрүштү. Консультациядан кийин алдын ала диагноз коюлду: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы, көкүрөктүн туюк травмасы, кабыргасынын көп сыныгы, эки бутунун эки сөөктөрүнүн ачык сынганы.

Бейтаптын абалын адистер туруктуу оор деп баалап жатышат. Ал реанимация бөлүмүнө жаткырылды, абалы жакшыргандан кийин адистештирилген бөлүмгө которулат.

Кошумча текшерүүлөр жүргүзүлөт, учурда жабырлануучуну дарылоо иштери башталды. Хирургиялык дарылоо пландуу түрдө өткөрүлөт.

Бейтапка бардык медициналык жардам Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында көрсөтүлөт.

Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алып келинди

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>