Бишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирдиБишкектеги эң кызыктуу 5 кичи-мейманкана: кино көрсөтүүлөр, экскурсиялар, унаа ижарасы«Манас Ордо» комплексинде жаңы курулган жана оңдолгон объектилер пайдаланууга берилдиАйыл чарба министрлигинде Ош жана Баткен облустарынын багбандары менен МЖӨ долбоорлору талкууландыПрезидент Талас шаарында «Акылман» лицейин ачты
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Ураимов 26-мартка чейин камакта калтырылды
11.02.2022 | 15:36
“Бүтүн Кыргызста” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов УКМКнын СИЗОсунда камакта болот. Анын баш коргоо чарасын 10-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тандады. Ал 26-мартка чейин камакта калтырылды.
Мирлан Ураимов социалдык тармакка чагымчыл маанайдагы билдирүүсү үчүн улуттук коопсуздук органдары тарабынан кармалган. Анын жактоочусу Ураимовдун баракчасы бир нече апта мурун хакердик чабуулга кабылып, ага кирүү мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат