Кимдер чек арага мобилизация кылынат? Президенттин тапшырмасы

Кимдер чек арага мобилизация кылынат? Президенттин тапшырмасы

Кыргыз-тажик чер арасындагы чек ара бекеттеринин алынышы боюнча жалган маалымат тараткан жарандар аскерге алынып кетет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, президент тиешелүү тапшырманы коргоо министрине берген.

«Президент Жапаров коргоо министрине «Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды» деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын «резервдик ротага» мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла»,- деген тапшырманы берди. 

Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып «мына ушул жерибизди берип жатышат» деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өздөрү барып, өз көздөрү менен көрүп турушсун.

Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти», — жазды ал.

Ал билдиргендей, делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара посттору ачылбайт.

«Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет.

Ал эми “жерлерибизди алып коюшат” деп күмөн санаган жарандарыбызга айтаарыбыз, азыркы чек ара боюнча ар бир метр жерди эки тарап тең абдан жакшы билишет. Биздин жергиликтүү эл жана чек арачыларыбыз эч качан бир метр жерди да бербейт.

Андан сырткары, ар бир чек ара тилкелерибиз спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болот.

Аскерлерибиз жана жергиликтүү калкыбыз коопсуз жерлерден байкап турушат. Андыктан бул маселеде сарсанаа болууга эч бир негиз жок», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары кол койгон протоколго ылайык эки тараптан төрттөн чек ара бекети алынары белгилүү болгон. Ага байланыштуу коомчулук бул чечимге карата катуу сын айтып чыккан.

Алына турган чек ара бекеттери:

  • «Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);
  • «Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);
  • «Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);
  • «Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>